Чүйдө “Кыргызстан – тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү” фестивалы өтүүдө (фото)

Бүгүн, 17-февралда Чүйдөгү “ЗиЛ” тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – тоо лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү” XV кайрымдуулук фестивалы өтүүдө.

Иш-чара ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурулду.

Максаты – өлкөнүн кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытуу, ошондой эле жарандарды активдүү жашоо образына чакыруу, аярлуу топторду колдоо болуп саналат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана бир катар бийлик өкүлдөрү катышууда.

Алдыда фестивалдын алкагында профессионалдык лыжа тебүү жана музыкалдык номерлер болоору күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан