Бишкекте 40 миң кишиге ылайыкташкан жаңы футбол стадиону 10 күн аралыгында башталып, 2 жылдын ичинде бүтөт. Бул тууралуу Футбол союзунун президенти, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында айтты.
"10-15 күндүн ичинде стадиондун курулушу башталат. Азыр ойлоп жатабыз жаңы стадионду 2 жылда куруп бүтөбүз деп. 2 жылдын ичинде 40 миң кишиге ылайыкталган жаңы стадион курулуп бүтөт", - деди Ташиев.
Ошондой эле ал Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадион дагы быйыл капиталдык оңдоп түзөөдөн өтөрүн айтты.
Белгилей кетсек, бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президенти болуп УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев шайланды.