Кырдаал менен жеринен таанышып, эл менен сүйлөшүү максатында вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган топ Баткенге жөнөп кетти. Топто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, чек ара, ички иштер министрлигинин жана өкмөттүн өкүлдөрү бар. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда парламенттин жалпы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.
"Түнкү саат 2:00дө ал жактагы чогулган эл тарап кетти. Абалды жөнгө салуу үчүн вице-премьер-министр Токон Мамытов учуп кетти. Ал Тажикстандын тиешелүү органдары менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзөт",- деди төрага өз сөзүндө.
Эске салсак, Баткен районунун Ак-Сай айылында 17-декабрь түнү кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда тирешүү болгон. Окуяга Тажикстанга жакын ээн жерде кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү себеп болгону айтылган. Кечээ, 18-декабрда эки өлкөнүн жарандары жол тосушкан. Баткен жана Согдий облустарынын бийлик өкүлдөрү жолугушуп сүйлөшкөндөн кийин Ворух жолуна шагыл төгүлүп, жол жабылган эле.