Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сайдулла Нышанов айлык ала албай келген кызматкерлердин көйгөйүнө көңүл буруу керектигин айтты.
“Элита” мамлекеттик акционердик коому мурун президентке карачу. Кийин Айыл чарба жана мелиорация министрлигине өтүп кеткен. Ал жерде иштегендердин айлыгы 1900 сомдун тегерегинде экен. Алар августтан баштап айлык албай жүрүшкөнүн айтышты. Бул боюнча Каржы министрлигине билдиргем. Жалпысынан 600 миң сом, анын ичинде социалдык төлөмдөр менен 300 миң сом болот. Алардын үй-бүлөсү Жаңы жылда сүйүнүп калсын",- деди депутат.