"Чет өлкөлүк агент" мыйзам долбоору: Надира Нарматова Дастан Бекешевди кекетти

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана “Кылмыш-жаза кодексине” түзөтүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алууга сунушталды.

Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлү Дастан Бекешов журналисттер иликтөөсүндө мыйзам долбоорунун автору Надира Нарматованын өзүн "чет өлкөлүк агент" деп жазып жатканын айтты.

"Журналисттер Надира Азимовна өзү "чет өлкөлүк агент". Себеби анын имараты Орусиянын Башкы консулдугуна ижара катары берилген деп жазып жатышат. Бул канчалык деңгээлде чын?", - деген соболду узатты.

Нарматова суроого жооп берип жатып, бул мыйзам долбоору менен 10 жылдан бери иштеп келе жатканын айтты.

"Нарматованын акыркы 10 жылдан бери жасаган ишине, кычык суроо берип калайын деген рахатта болсоңуз анда угуп алыңыз. Бул мыйзам менин жеке жашоомо тиешелүү эмес. Биз кеч калдык, эгерде 10 жыл мурун кабыл алганыбызда мамлекеттин ичиндеги чыккынчылар, саткындар жок болот эле. Бул мамлекеттин коопсуздугу, тынчтыгы, эгемендүүлүгү үчүн кабыл алынып жаткан мыйзам.

Оштогу имаратты мен 2009-жылы насыяга алып, бүгүнкү күнгө чейин аны төлөп келем. Катардагы жаран катары имаратты ижарага бергем. Аны Орусиянын Башкы консулдугу эки тараптуу келишимдин негизинде мыйзам чегинде пайдаланып келет. Кыргызстандын жараны катары өзүмдүн мүлкүмдү кимге болсо да ижарага бергенге акым бар", - деди депутат.

Ошол эле учурда 2019-жылы уулунан айрылганын айтып, анын атындагы "Мээримбек" кайрымдуулук фондун ачканына токтолду.

"Сизге окшогон мүмкүнчүлүгү чектелгендере жардам берип келе жатам. Ал дагы бей өкмөт уюм катары эсептелет. Биз мыйзам чегинде отчётубузду тапшырып, салыгыбызды төлөп келе жатабыз. Сизге окшогондорго жардам берип келе жатканым үчүн мени күнөөлөй албайсыз", - деди Нарматова.

Бекешев бул мыйзам долбоору экономикага терс таасирин тийгизе турганын айтып, кесиптештерин ага каршы добуш берүүгө чакырды.

Бирок мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Ага 64 депутат "макул", 5 депутат "каршы" деп добуш берсе, дагы бир нече депутат добуш берген жок.

Мыйзам долбоору былтыркы жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

"Чет өлкөлүк агент" мыйзам долбоору: Надира Нарматова Дастан Бекешевди кекетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан