Жогорку Кеңеш “чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды

Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Ага 64 депутат "макул", 5 депутат "каршы" деп добуш берсе, дагы бир нече депутат добуш берген жок.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан