Ош облусунда жыл жыйынтыгы чыгарылып, бул жылдагы аткарган иштери үчүн бир нече айыл башкармалыктары сыйланышты

Кечээ, 18-декабрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө жыл жыйынтыгы чыгарылды. Аны менен катар облус аймагындагы мектепке чейинки мекемелер жана спорт тармагындагы аткарган иштери тууралуу айыл башкармалыктарынын жыйынтыгы чыгарылды. 

Тоолуу райондор арасында 1-орунду Алай районунун Гүлчө, 2-орунду Кара-Кулжа районунун Сары-Булак, 3-орунду Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл башкармалыктары ээлешти. 

Ал эми шарты жакшы айыл башкармалыктары арасында 1-орунду Өзгөн районунун Куршаб, Кара-Суу районунун Жоош жана 3-орунду Ноокат районунун Көк-Жар айыл башкармалыктары ээлеп, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан