Бишкек шаардык соту Адахан Мадумаровду абакта калтырды   

Бүгүн, 22-февралда Бишкек шаардык соту “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу шаардык соттон билдирди.

Мадумаров былтыр 2-сентябрда кармалган. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда.

Кийинчерээк 2015-жылдагы парламенттик шайлоого байланыштуу депутаттын дарегине арыз жазылган. Анда Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран милицияга 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен айып тагылган.

Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 40ка жакын адам күбө катары көрсөтмө берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан