11 айдын ичинде республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды кошпогондо 79 миллиард 145,3 сомго аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каржылоо 8,8 пайызга же 6,4 миллиард сомго өскөн. Ички дүң продукциянын көлөмүнө карата чыгашалар 25,9 пайызды түздү. Ал эми корголгон беренелер боюнча республикалык бюджеттен 55 миллиард 258 миллион сомго каржылоо жүргүзүлүп, планга 95,8 пайызга аткарылды.
Каржылоо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,8 пайызга же 3 миллиард сомго көбөйгөн.
Ал эми корголбогон беренелер боюнча каржылоо 7 миллиард 273 миллион сомго жүргүзүлүп, планга карата 93,1 пайызга аткарылды. Каржылоо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7 пайызга же 759 миллион сомго көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн 19-декабрда, Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.