Бүгүн, 22-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Эрбаев берген сунуштары эске алынбагандыктан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна автор болуудан баш тартканын билдирди.
Бүгүн мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Ага 64 депутат "макул", 5 эл өкүлү Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева, Чыңгыз Айдарбеков, Сеид Атамбаев, Эрулан Кокулов "каршы" деп добуш берди.
Аталган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылдын ноябрь айында коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Кийин депутаттар демилгечи болуудан баш тартып жатып, азыр 18 депутат автор болуп калды.
Коомчулукта “чет өлкөлүк агент” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган.