Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев дары-дармектерди алып келүүдөгү көйгөйлөр тууралуу айтты. “Азыркы учурда өлкөгө инсулинди алып келүү маселеси жаралууда. Кант диабети менен ооругандар үчүн керектүү нерсе жок болуп жатат. Эгер бул маселе чечилбесе, оорулуулар мындан орчундуу көйгөйлөргө кабылышы мүмкүн”,- деди депутат.