Бүгүн, 19-декабрда өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктарын азайтуу максатында автожүрүш болду. Ага мектеп окуучулары, МАИ кызматкерлери, мугалимдер катышышты. Автожүрүш айдоочуларга, ата-энелерге балдардын коопсуздугун сактоону эскертет.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 11 айында балдардын катышуусундагы 477 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 10 өспүрүм каза таап, 506 бала жаракат алган.