Сайдулла Нышанов: "Айдоочулук күбөлүгүн сатып алгандардын айынан жол кырсыктары катталууда"

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Сайдулла Нышанов "айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар жол кырсыктарынын себепкерлери болууда" деп билдирди. 
“Жол кырсыктары тууралуу маселе боюнча айткым келет. Өзүңүздөр  билгендей, шаарда жол кырсыктары, айрыкча балдардын катышуусунда көп болууда. Бул Ата Мекендик согуш учурундагы жоготуулар менен бирдей. Авто мектептер Билим берүү министрлигине, ал эми айдоочулук күбөлүк Мамлекеттик каттоо кызматына карайт экен. Жолдогу маданиятсыздык айдоочулук күбөлүктү сатып алып жүргөндөрдүн негизинен келип жатат. Жол кырсыктарынын  көпчүлүгү жаш балдардын катышуусунда болуп жатат. Ош-Бишкек унаа жолунда 7-8 адам каза болгонун да билебиз”,- деди Нышанов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан