Өзбекстан менен чектеш Кадамжай шаарына караштуу Автодром участкасында 17 кожолук Өзбекстандын электр энергиясын пайдаланышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда аталган участканын жашоочусу Ибрагимова Замира билдирди.
“17 кожолуктун жашоочулары Өзбекстан менен келишим түзүп, электр энергияны пайдаланабыз. Бирок, 5 мүнөт сайын жарык өчүрүлүп, жандырылып турат. Электр мештеринде чайыбызды деле кайната албайбыз. Телевизор жандырарың менен 3-4 мүнөттө кайра жарык өчүрүлөт. Атайын кылгандай туюлат. Электр энергиясын иштеткенибизден сырткары 500 сом үстүнө кошуп төлөйбүз. Кыргызстандын жараны болгондон кийин бизге да көңүл бөлүнүп, жарыкты өзүбүздүн өлкөдөн пайдалангыбыз келет. Кыштын күнү жарыксыз жашап жатабыз. Кыргызстандан электр чубалгыларын алып келүүгө 7 зым карагай, 1 трансформатор керек экен. Көбүрөөк каражат кетет дегендеринен жок болгондон көрө деп Өзбекстандан пайдаланып жатабыз”,- дейт Замира Ибрагимова.