Бүгүн КРнын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Сауд Арабияда Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Ахмад Мохаммед Али Аль Мадани менен жолугушту

Бүгүн, 19-декабрда КРнын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Сауд Арабиясына жасаган иш сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын Президенти Ахмад Мохаммед Али Аль Мадани менен жолукту.

Жолугушуу учурунда КРнын учурдагы абалы жана кызматташтыктын келечектери тууралуу камтылган маселелердин кеңири тармактары талкууга алынды. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде Кыргызстанда эки долбоорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты. Тактап айтканда, Баткен облусунун Арка массивин электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо боюнча сүйлөшүштү. Бул долбоорлор жакынкы мезгилде кол коюуга берилет. 

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан