Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында жергиликтүү бийлик менен ЖК өзүнүн кандай функцияларды аткарганы тууралуу элге маалымат берүүсү керектигин айтты. “Шайлоо өткөргөн учурда жарандардын көпчүлүгү Жогорку Кеңеш кандай функцияларды аткарганын билбегени маалым болду. Азыр кандай маселе болбосун ЖКга жүктөлүүдө. Негизи эң эле ачык биз иштейбиз”,- деди депутат.
Ал эми төрага Асылбек Жээнбеков кандай учур болбосун Жогорку Кеңеш сынга учурашын айтты. "Тагдыр ушундай экен. Азыркы тапта өнүккөн өлкөлөр парламенттик нукта өнүгүп жатышат. Каалайбызбы, каалабайбызбы, баары бир сынга кабылабыз",- деди Жээнбеков.