Бишкектеги жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин көлөмү жылына 3 миллиард долларды түзөт. Бул тууралуу бүгүн Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда курулуш иштерине карап өлкөнүн экономикасынын жакшырып бара жатканы жөнүндө расмий эмес санды мисал катары көрсөтүүгө болот. Өз сөзүндө Жоомарт Оторбаев “Бишкекте жүздөн ашык көп кабаттуу үйлөр курулууда. Мындай көрүнүш Советтер Союзунун мезгилинде да болгон эмес. Эгерде курулуш иштерине сарпталып жаткан каражаттардын көлөмүн бааласа, 3 миллиард долларды түзөт. Мунун баары накталай жеке акча. Бул биздин өлкөнүн экономикасын көрсөтүп турат" деп белгиледи.