Бүгүн, 19-декабрда Сайдулла Нышанов "унаалар боюнча оң же сол рулга өтүүдө бир чечимге келишибиз керек" деп билдирди.
Бул маселени колдоп ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков: "100-200 айдоочу чыгып каршы болсо аларды ээрчип кете бербешибиз керек. Бир чечимге келүү зарыл. Эгер өкмөт чечим чыгара албаса, биз чечип берели",- деди ал.