Алып баруучу Нурзат Токтосунова өзүн сындагандарга жооп берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Токтосунова бирөөнү жамандагандан көрө ар бир жаранды өлкөнү көтөрүүгө, улуттук баалуулуктарды жайылтууга чакырган.
"Өмүрүмдө 4 миң кыргыздын тоюн алып барсам, анын 3 миңин Манас айттырып ачкам. Миң көйнөк кийсем, 700үн кыргызча тиктирчүмүн. 5 миң иш-чаранын 4500үн кыргызча, калганын башка тилде алып баргам. Дүйнөнү улуттук кийимде кыдырып, маданиятты, тилди мендей тааныткандар көп эмес.
Жоолук салынганыма 4 жыл болду. Азыр да ар бир сабагымда улуттук баалуулуктарды айтып, тарыхчы, манасчы агайларды сүйлөшүп, аларды суранып сабак бердиртем.
Негизи эле кыргыздар жаманды гана көргүбүз келип турат. Жакшыны айта албайбыз. Бизди өстүрбөй жаткан ушул сапатыбыз болсо керек. Кыргызстанда ар бир жарандын дин тутуу укугу бар. Эки күндөн бери сөөгүмдү кемирип жаткандар, ылайым динге келип калгыла. Мени өңгөчүңөрдү үзө тартып жамандагандын ордуна жапа тырмак улутту көтөрүүгө салым кошкула", - деп жазды Токтосунова.
Белгилей кетсек, алып баруучунун кыз узатууда салават айтуу демилгеси сынга кабылган. Социалдык тармактын колдоонуучулары Нурзат Токтосунова арабдардын идеологиясын, салтын алып келип, кыргыздын тарыхын, салтын жана маданиятын талкалап жатканын айтышкан.