Ош. Шаарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан муктаж болгон 50 балага Жаңы жыл майрамына карата белектер таратылат

Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети Жаңы жыл майрамына карата шаар аймагындагы социалдык жактан муктаж жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн атайын белектерди уюштурууда. Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Сонунбек Жунусбаев бүгүн, 19-декабрда билдирди. 
"Бул жолу биз кайрымдуулук акциясын үйүндө ата-энесинин жардамысыз эч жакка бара албаган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан муктаж балдар үчүн уюштуруудабыз. Аларга майрамда жакшы маанай тартуулоо максатында 50 балага белек-бечкектерди камдоодобуз",- дейт бул тууралуу Жунусбаев. 
Мындан сырткары аталган комитет 31-декабрда шаар жаштары үчүн майрамдык концерт жана Аяз аталар парадын уюштурууну пландап жатканын кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан