Маматалиев курулуш компанияларынан жабыркагандардын маселесин чечүүнү сунуштады

Бүгүн, 29-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев курулуш компанияларынан жабыр тарткан жарандардын маселесин көтөрдү.

Эл өкүлү үй алмакчы болуп алданып калгандардын көбү чет жактарда мигрант болуп, "эптеп акча таап үй алып алсам экен" деген карапайым жарандар экенин белгиледи. Ошондой эле бул көйгөйгө президент өзү көз салып, маселени кароону УКМКга тапшыруусун суранды.

"Суранат элек. Тийиштүү мамлекеттик мекемелер аралык комиссия түзүлүшү керек. Себеби көйгөйлөр көп жана түрдүү. Мисалы, алган үйүндө жашап атып, коммуналдык кызмат акысын төлөй албайт. Себеби ээси жок, качып кеткен же өлүп калган да, үй пайдаланууга расмий бериле элек. Же болбосо бир батирди бир нече адамга сатып ийген шылуундар болгон. Ошондуктан бул маселени чечүү үчүн бизге комиссия керек", - деди Маматалиев.

Депутаттар Марлен Маматалиев менен Эрулан Кокулов эки күн мурун турак жайынын курулушу бүтпөй жаткан жана бул жаатта түрдүү көйгөйгө туш болгон жарандар менен жолугушкан. Турак-жайга байланыштуу маселе көтөргөн үлүшчүлөр курулуш компанияларына, турак жай кооперативдерине доомат коюп, өз милдеттенмелерин аткарбай жатканын айтышкан.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги былтыр 15-декабрда Бишкекте 38 жана Ош шаарында 17 мыйзамсыз курулуп жаткан жана курулган турак жайдын тизмесин жарыялап, бул объектилер боюнча сот иштери жүрүп жатканын эскертип, жарандарды тизмедеги турак жайлардан батир сатып албай турууга чакырган.



Жогорку Кеңеш 29.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан