Акылбек Жапаров Кашгар шаарында Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен болгон жолугуусунда "Барскоон-Учтурпан-Аксу" жолунун курулушу боюнча кеп козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы "Бедел" жаңы өткөрмө пунктун ачуу жана жаңы жолдун курулушу боюнча кеп козгогон.
"Биздин мамлекеттердин башчылары Беделди ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча чоң милдеттерди коюшту. Албетте, "Бедел" өткөрмө пункту өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достуктун тарыхында жаңы этапты ачып, Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң кошумча салым кошоору шексиз"- деген Жапаров.
Ошондой эле учурда "Эркеч-Там" жана "Торугарт" көзөмөл өткөрүү пунктары 7 күн 14 сааттан иштеп жатканын белгилеген жана мындай иштөө режимин кытай тарап менен биргеликте жүргүзүүнү максат кылып жатканын билдирген.
Өз кезегинде Ма Синжуй Жапаровдун сунуштарын колдой турганын билдирген.