Бүгүн, 18-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Урмат Аманбаева “Мырзаке - Алайкуу унаа жолун оңдоо боюнча маселеге көңүл бурулбай жатат” деп билдирди.
Анын айтымында, 160 чакырым жолду оңдоо үчүн 10 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат жетишпегендиктен жолдун абалы начар бойдон калууда.
КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев капиталдык салымдарды бөлүштүрүүдө биринчи орунда приоритеттүү долбоорлор турарын айтты. “Мырзаке – Алайкуу жолу каралбай жатат дегенге кошулбайм. Жол жакшы болгон үчүн эл каттап жатат. Абалы оор десеңиз зарыл болгон долбоорлорду ишке ашыргандан кийин карайбыз”,- деди Сатыбалиев.