Жалал-Абад: Июнь окуясында жабыркагандар митингге чыкты

Бүгүн, 19-декабрда Июнь окуясында жабыркагандар Жалал-Абад шаардык мэриянын алдына митингге чыгышты. Алар 2010-жылдын июнь окуясынан кийин аларга өкмөт тарабынан берилген батирлерди биротоло менчикке өткөрүү талабын коюшууда.Алар буга тиешелүү документтери бар экендигин, бирок батирлер мурда кызматтык батир катары берилип калганын белгилешүүдө. Мэриянын өкүлдөрү батирлерди менчикке берүү үчүн өкмөттүн токтому зарылдыгын, анткени июнь окуясынан кийин курулган 60 батирлүү эки үй мэриянын каражатына эмес, өкмөт эсебинен курулганын түшүндүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан