Бүгүн, 19-декабрда Ысык-Көл облусунда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кеңейтилген көчмө жыйыны улантылды. Анда “Кыргызстанда тоо туризмин өнүктүрүү” маселеси талкууланат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйынга катышкан аталган комитеттин төрагасы Карганбек Самаков туризм тармагындагы тазалык, тейлөө, байланышты жакшыртуу маселелерине токтолду.
Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча Өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаев туризмди өнүктүрүүгө кедерги болуп жаткан жол, таза суу, маданий сабатсыздык, жаратылышка аяр мамиле кылуу маселелерин тизмектеди.