Кыргыз
Республикасынын Башкы прокуратурасы коррупциялык схемаларды текшерет. Бул
тууралуу Жогорку Кеңеште бүгүн, 19-декабрдагы жыйында премьер-министр Жантөрө
Сатыбалдиев билдирди.
Депутат Эркин
Алымбеков министрлер кабинетинин башчысына «Кыргызжилкоммунсоюзда» паракорчулук
схемалардын бар экендигин айтып, “Кимдин сунуштоосу менен
дене тарбиячы Тезекбаев мамлекеттик ишкананын башкы директору болуп
дайындалган? Бюджет каражатынын 30 пайызы уурдалып бүттү, сиз болсо чара көрбөй
жатасыз”,- деди ал.
Жантөрө Сатыбалдиев
мыйзам бузуулар аныкталса, анда ишкананын жетекчилигине чара колдонуларын
кошумчалады.
"Аны ким сунуштаган?" деп кыйкырган
депутатка "Эч ким сунуштаган эмес. Дайындоого конституциялык укугум бар" деп жооп
берди өкмөт башчы.