26-декабрда Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында "Кыргыз Республикасынын Президентинин балатысы" деп аталган жаңы жылдык иш-чара болот. Бул тууралуу аталган театрдан маалымдашты.
Салтанатка Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев катышып, балатыга келген балдарды Жаңы жылы менен куттуктамакчы. Ошондой эле иш-чарада "Сейтек" балдар борборунун таланттуу балдары өз өнөрлөрүн тартуулашат. Иш-чара саат 10.00дө башталат.