Бүгүн, 19-декабрдагы ЖКнын жыйынында Максат Сабиров Саруу айылынын тургундары жөнөткөн кат тууралуу айтты.
Телеграммада саруулактар Жогорку
соттун Жети-Өгүз районунун "Кайнар" пансионатынын 3,86 гектар жерин Түштүк Кореяга
сатканын "чыккынчылык" деп белгилешкен. Депутат тургундар бул маселени мамлекеттин
кызыкчылыгы үчүн чечип берүүнү суранышкандыгын кошумчалады.
"Мурда бул "Кайнар" пансионатынын ээси болуп, бирок
кийинчерээк кандайдыр бир себептен жерди берүү боюнча акимиат чечим чыгарып
берген. Бир нече жылдар бою түштүк кореялыктар соттошуптур. Жакында Жогорку сот
алардын пайдасына чечим чыгарып бериптир. 10 жылдан бери бул ызы-чуу токтобой, ага
эч ким чекит коё албай жатат. Өкмөттүн өкүлү бул маселени карап, чечип берүүнү эл суранып жатат",- деди Сабиров.