КРнын Социалдык
өнүгүү министрлиги 2014-2016-жылдарга карата жатак мектептерди бүткөн жетим
балдар жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарды социалдык коргоо боюнча
программа иштеп чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда аталган министрликтин
басма сөз кызматы кабарлады.
"Мындай балдарда эң негизги маселелер турак-жайдын, документтердин жоктугу, үй-бүлө
куруу, кесип тандоо жана башкаларга байланыштуу чыгат. Жатак мектептердин,
балдар айылынын, багып алган үй-бүлөлөрдүн балдары 15-16 жашында эле турмушка аралашууга аргасыз болушат",- деп кабарлайт министрлик.
Социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан иштелип жаткан программа мындай балдарды социалдык колдоону жакшыртууга багытталган.