Ош шаарындагы Увамов көчөсүндөгү 6 жатакананын жашоочулары үчүн эки ажаткана пайдаланууга берилди. Пайдаланууга берилген ажатканалар мындагы тургундардын демилгеси менен Борбордук Азиядагы Евразия фондунун каржылоосунда “Тынчтык үчүн аялдар демилгелери” аттуу долбоордун алкагында ишке ашырылды. Аталган фонддон маалымдагандай, ажатканалардын курулушуна жалпысынан 480 миң сом сарпталган. Анын 27 пайызын Ош шаардык мэриясы жана шаар тургундары өздөрү чогултушкан.