Депутат Айдарбеков 90 депутаттан 13 депутат кеткенин айтып, комиссия түзүүнү сунуштады

Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков кесиптештери мандатынан кол жууп жатканына тынчсызданды.

Ал мындай кырдаалга төрага Нурланбек Шакиевдин реакция жасашын талап кылды.

"90 депутаттан 13 депутат кетти. Биз муну дайыма "мыйзамдуу эмес" деп айтып жатабыз. Бул эмне дегендик? Биздин укуктарыбызды тебелеп-тепсеп жатышат. Мындай болбош керек. Парламент - бийликтин башка бутагы. Элдин шайланган өкүлдөрү. Элдин үнү ушул жерде угулат. Төрага катары сиз реакция жасашыңыз керек. Кандай дейсиздер, урматтуу депутаттар? Биз унчукпай отурабызбы?", - деди Айдарбеков.

Ошондой эле эл өкүлү бул маселе боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

13.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан