"Артыңыздан кетпесем - жигит эмесмин". Депутат Атазов башкы прокурор Зулушевдин отставкасын талап кылды

Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов башкы прокурор Курманкул Зулушевди сынга алды.

"Мандатымдын артынан 2 жылдан бери кууп жүрүп, башкы прокурор максатына жетти. Райымбек Матраимовго байланышы бар деп жатасыңар. Урматтуу кыргыз элим, Матраимов менен байланышы жок кайсы саясатчы бар? Кыргыз спортун көтөрүү үчүн Матраимовго чейин дагы өтө көп адамдар менен байланышкам. "Майда балыктарды" эмес эң чоң эки "китти" айтып коёюн. Мына башкы прокурор Зулушев сиз өзүңүз кан досу болуп, уча тартып, туулган күнүңүздө "Раим досум келгиче жебей тургула" дебедиңиз беле. Үч жылдан бери башкы прокурор болуп отурасыз, эгер ал киши чоң кылмышкер болсо, көрбөй калдыңызбы? Кечээ муфтиятты ачып жатканда кармап албайт белеңиз", - деди Атазов.

Ошондой эле ал ишкерлерге мыйзамсыз иш козголуп жатканын айтып, бул президенттин кадырына көлөкө түшүрүп жатканын белгиледи.

"Прокуратура тарабынан жылына 300 адамга мыйзамсыз иш козголуп, Жогорку соттон акталып атат. Үч жылдан бери 900 адамдын тагдыры менен ойнодуңуз. Башкы прокурор мыйзам боюнча жылына бир жолу парламентке келип отчёт бериши керек. Өзү прокуратурага журналисттерди чакырып эле отчёт берип коюуда. Депутаттарды тоготкон да жок. Кыргыз эли Садыр Жапаровду шайлаган. Канча президент бар өзү? Жапаров президентпи же Зулушевби?", - деди эл өкүлү.

Мындан сырткары Атазов башкы прокурордун отставкасын талап кылды.

"Менин тарапташтарымды 32 күн камап жатышты. Мен 6 айдан бери эч кимге айтпай жүрөм. Түнү менен УКМКга барып атам. Урматтуу баш прокурор, 6 айда эч нерсе таппадыңыз го. Кетпейсизби эми отставкага. Артыңыздан мен кетпесем - жигит эмесмин", - деди депутат.

Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, парламент депутаттарын коргоого чакырды. Атазовдун билдирүүсүнө Шакиев жооп берип, депутаттардын маселесин чечүүгө дайыма аракет кылып келгенин жана эл өкүлдөрүнө козголгон кылмыш иштер мыйзам чегинде экенин айтты.

Белгилей кетсек, 6-мартта Бишкек шаарынын административдик соту Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратканы маалым болгон.

Ага чейин Атазов 1-мартта Түркияда дарыланып жатканын, жүрөгүнө атайын медициналык аппараттар орнотулганын жазган.

Андан соң соттун чечимине комментарий берип, ал мыйзамсыз экенин жана мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын жазган.

Жогорку Кеңеш 13.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан