"Президенттин айланасына сүмбүлдөр топтолуп алды". Атазов соттун чечими боюнча үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов мандатынан ажыратуу боюнча Бишкектин административдик соту чыгарган токтом тууралуу комментарий берди. Бул тууралуу эл өкүлү 6-мартта социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал соттун чечими мыйзамсыз экенин жана бул мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетиргенин, сот адилетүү деген сөзгө көө жапканын белгиледи.

"Урматтуу мекендештер, сүлкүлдөгөн сүмбүлдөрдүн атын атоого убакыт келип калды окшойт! Соттордун бүгүнкү кадамы өлкөбүздө адилеттүүлүк, мыйзамдуулук канчалык деңгээлде экенин далилдеп турат. Шашпай эле мен дарыланып бүткөндө кол салышса да жетишмек! Ар бир нерсенин эрежеси бар да. Мисалы спортто атайын эрежелер бар. Жыгылсаң сокпойт… Саясатта да саясий маданият, эреже болуш керек! Тынччылык заман эмес, согушта жарадар болгон адамды да врачтар алып кетип жатса душмандар тийбейт…

Сот чечими мыйзамсыз чыкты. Конституцияда, мыйзамда жок нерсени жасады. Мамлекеттик түзүлүшкө, сот системасына доо кетирди! Сот адилетүү деген сөзгө көө жапты. Эч кандай юридикалык аргумент, фактылары жок. Өлкөбүздөгү саясий топтордун кызыкчылыгы менен жасалды. Тилекке каршы өлкөбүздө президенттин айланасына кайрадан эки жүздүү аферистер, шылуундар, сүлкүлдөгөн сүмбүлдөр топтолуп калды... Алардын атын атап, коомго жүзүн ачпаса болбойт окшойт?! Мен эми мага болуп жаткан акыркы алты айдагы саясий кысым жана аны кимдер уюштуруп жатат. Баарына күн сайын убакытка карап токтолуп турайын. Сабыр кылдым, жөн коюшпады.
Биздин мамлекетте кандай гана мыйзамсыз иштер болуп жатса баарын кылган, өлкө башчыларына туура эмес маалыматтарды жеткирген сүмбүлдөрдүн айынан болуп жатат.

Кеп менин мандатымда эмес, адилеттүүлүктө, мыйзамдуулукта! Мандат - бул бейишке чыктын деген гарантия эмес. Мандат - бул бактылуулуктун символу да эмес. Мандат элдин берген аманаты, ишеними. Мен ошол элдин аманатын татыктуу сактап калдымбы же коркоктук кылып тымпыйып өткөрүп бердимби? Маселе ошол! Мен мандатка кызыкпайм. Аллах ар бир адамдын ырыскысын төрөлгөндө эле чечип койгон! Мамлекеттик түзүлүшкө сокку уруп жаткан саясий топтор пайда болду. Биз күрөшөлү!", - деп жазды Атазов.

Белгилей кетсек, 6-мартта Бишкек шаарынын административдик соту Шайлообек Атазовду мандатынан ажыратканы маалым болгон.

Ага чейин Атазов 1-мартта Түркияда дарыланып жатканын, жүрөгүнө атайын медициналык аппараттар орнотулганын жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан