Садыр Жапаров ЖМК жөнүндө мыйзамды артка кайтарды 

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору кайтарып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
Буга чейин мамлекет башчысы өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүп, анда кызуу талкууланган маселелердин бири Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору болгон.
"Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров ЖМК өкүлдөрүнүн маалыматын угуп жана аталган мыйзам долбоору боюнча алардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен бул мыйзамдын долбоорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды", - деп билдирди Алагозов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан