Студенттер стипендия маселесин көтөрүп бир жумадан соң нааразычылык акциясына чыкканы турат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Каныбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымына караганда, Кыргызстан боюнча болгону эки миң гана студент стипендия алат. Өкмөт кабыл алган жаңы токтом боюнча стипендияны жалаң “5ке” окуган студенттер гана алары аныкталган.
"Учурда республика боюнча жогорку окуу жайдын 1 миң 919 студенти жана техникумдардын 470 студенти стипендия алат ”, - деди депутат өз сөзүндө.
К.Осмоналиев белгилегендей, окутуучулар стденттерге “5” коюу үчүн коррупцияга жол беришүүдө. Депутат бул маселе боюнча атайын тапшырма берилип, парламенттин тийиштүү комитетинде кароону сунуштады.