Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын 2014-жылга карата бюджети талкууланып жатат.
Анда депутат Абдумиталип Кочкорбаев келерки жылга мектептерди капиталдык оңдоп-түзөө үчүн бөлүнгөн каражаттар тууралуу айтты. Аталган тармакка 2007-жылдан бери 100 миллион сом бөлүнүп жаткандыгын жана бул аралыкта курулуш жана оңдоп-түзөөчү каражаттардын баасы көтөрүлгөндүгүн баса белгиледи.
Каржы министри Ольга Лаврова “мектептер жыл сайын капиталдык оңдоп-түзөөнү талап кылбайт. Билим берүү министрлигине 100 миллион сом бөлүндү. Бул багытта жергиликтүү бийлик органдарынан 94,7 миллион сом берилсе, жалпысынан 200 миллионго жакын каражат бөлүнүп жатат” деп билдирди министр.