Бүгүн, 14-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сындады.
Депутат азыркы министр Бейшеналиевдин "кара хирург" деген каймана аты бар экенин айтты.
"Саламаттык сактоо министринин "кара хирург" деген каймана аты бар экен. Бул убагында Рысбек Акматбаевди, уюшкан кылмыштуу топтун ок тийген же бычак жеген балдарын үйүнө жашыруун алып барып операция кылып жүргөн. Мен УКМКнын башчысы менен башкы прокурорго да кулак кагыш кылып коёюн. Түздөн-түз бул министрдин уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар. Канчалаган балдарды бекитип, мыйзамсыз операция кылып жүргөн киши Кыргызстандын саламаттык сактоо министри болуп турат. Бул деген уят нерсе! Бул аконит, каяктагы бир ууларды чыгарып, бир жыл президенттин башын айлантты. Эми кыргыз элинин башын айлантып, өлүм көбөйүп кетти. Буга чара көрүшүбүз керек", - деди ал.
Ошондой эле Коргонбай уулу акысыз операция жасоо боюнча Түркия берген квоталардагы туура эмес бөлүштүрүлүп жатканын айтып, министрликтин ишин "бардак" деп атады.