Жыпариса Рысбекова эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Ага ылайык, жаңы дайындалган орун басарды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ведомствонун эмгек жамаатына тааныштырды.