Солдон оңго: Алмазбек Осмонов жана Эрмекбай Омошев
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Осмонов ишеничтен кеткенине байланыштуу Ысык-Ата районунун акими кызматынан бошотулуп, анын ордуна Эрмекбай Омошев дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.