Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын 2014-жылга карата бюджети талкууланып жатат. Анда депутаттар тарабынан борбор калаага спорттук зал куруу жана жаңы төрөлгөн балдарга 50 миң сом төлөп берүү боюнча маселелерди кароо керектигин айтышты.
КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев каржы тартыштыгын эске салып, “Бишкектеги Спорт Ордосун оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, бардык аренасын колдонууга берүү боюнча тапшырма бердим. Бирок жаңы зал курууга шарт жок”,- деди Сатыбалдиев.
Мындан сырткары жаңы төрөлгөн балдарга 50 миң сом төлөөгө да каражат жок экендигин кошумчалады.