Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын дагы 10,76 чакырым тилкесин макулдашты. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, эки өлкөнүн топографиялык жана жумушчу топторунун жолугушуусу Тажикстандын Бустон шаарында 12-17-март күндөрү эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жетекчилиги астында өткөн.
Тараптар чек араны тактоо иштерин улантууда, кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында болот.