Дастан Бекешев: "Тез жардам" кызматындагы кадрлар маселесин чечүү зарыл"

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстандын 2014-жылга карата бюджети талкууланып жатат.

Анда депутат Дастан Бекешев “Тез жардам” кызматындагы кадрлардын жетишсиздиги тууралуу маселени чечүү керектигин айтты. “Тез жардам” кызматы боюнча маселеде айлык маянасын көтөрүүнү айтсам, унаа сатып берүү менен чектелесиздер”,- деди эл өкүлү.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2014-жылдын планында бул багытта маянаны жогорулатуу каралбаганын айтты. Ал эми каржы министри Ольга Лаврова башка аймактарга салыштырмалуу Бишкектеги “Тез жардам” кызматы мэрия тарабынан дотация аларын айтты. “Бирок ошого карабай кадрларды кармай албай жатабыз”,- деп кошумчалады министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан