Эгер өкмөт алыскы аймактарга көңүл бөлбөсө, чек ара маселесине ушундай кайдыгер мамилесин уланта берсе, анда Баткен облусунун Лейлек району 5 жылдан кийин анклавга айланып калышы мүмкүн. Мындай пикирин бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров билдирди.
Анын айтымында, мамлекет чек ара аймактардагы жашоочулардын көйгөйүнө жылытарлык көңүл бурбай келет.
“Таш-Тумшук айылынан буга чейин 104 үй-бүлө көчүп кеткен. Эгерде мындан ары дагы ушундай мамиле боло турган болсо, анда бардык тургундар көчүп кетет. Ал жактагы көйгөйлөр качан чечилет? Социалдык объектилер жана жолдор качан курулат? Чек арага жакын аймактарда жашаган адамдарга кандай жеңилдиктер караштырылган?” деп өкмөт башчыга суроо узатты.
Өкмөт башчы чек ара көйгөйлөрүн чечүү үчүн 100 миллион сом бөлүнө тургандыгын, ал электр энергиясын киргизүүгө жумшаларын жана жашоочуларга жеңилдиктер каралганын билдирди.