Солтон-Сары кени индиялык компания менен бирге иштетилет

Нарындагы Солтон-Сары алтын кени индиялык компания менен бирге иштетилет. Бул тууралуу "Кыргызалтын" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев "Биринчи радиого" курган маегинде айтты.

Ал учурда компания менен долбоорлоо иштери жүрүп жатканын билдирип, бирок индиялык кайсы компания экенин тактап айткан жок.

"Кенде 3 жерден алтын иштетебиз деп индиялык компания менен биргеликте иш алып барып жатабыз. Азыр проектин үстүндө иштер жүрүп жатат. Буюрса жылдын экинчи жарымында алтын казуу иштерин баштайбыз деген планыбыз бар", - деди ал

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук тилкесин иштетүү укугу 2013-жылы кытайлык Zhong Ji Mining Company ишканасына 20 жылга берилген. 2019-жылдын августунда кытайлык компанияга нааразы болгон жүздөгөн жергиликтүү тургундар менен компаниянын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Андан соң өкмөт "Zhong Ji Mining Company" тоо-кен компаниясынын ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон.

Маалымат үчүн: Солтон-Сары алтын кени Бишкек шаарынан 355 чакырым алыстыкта жана деңиз деңгээлинен 3 миң 500 метр бийиктикте жайгашкан. Аталган алтын кени Бучук, Ак-Таш жана Алтын-Төр деген 3 участоктон турат. Кенде 20 тоннанын тегерегинде алтындын запасы бар.

19.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан