
Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө чарбасын өнүктүрүү, техника сатып алуу жана сезондук чыгымдарды жабуу үчүн жеткиликтүү каржылоого ээ болуу көп учурда кыйынга турат. Жогорку пайыздык чендер каржылык жүктү көбөйтүп, өсүү мүмкүнчүлүктөрүн чектейт.
MBANK бул маселеге чечим сунуштайт — «Кошумча нарк чынжырчасын агрокаржылоо» долбоорунун алкагында каржылоо - жылына болгону 10% менен.
Программа өндүрүштү өстүрүүдөн тартып кайра иштетүүгө жана сатууга чейин анын жаралуу процессине катышкан адамдарга арналган. Мисалы, фермер чипсы өндүрүү үчүн кайра иштетүүгө жөнөтүлүүчү картошка же шире, кургатылган мөмө-жемиш жана кыям жасоо үчүн алма өстүрөт.
Каражатты өндүрүштүн бардык баскычтарына — жер, техника жана жабдууларды сатып алуудан тартып, өнүмдү сактоого, кайра иштетүүгө жана сатууга чейин, ошондой эле жүгүртүү капиталын толуктоого: үрөн, жер семирткич жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга жумшаса болот.
Программанын шарттары:
Кредитти кантип алса болот:
MBANK’тын «Кошумча нарк чынжырчасын агрокаржылоо» долбоорунун алкагындагы каржылоо — өндүрүшүн кеңейтүүнү, техникасын жаңыртууну же сезондук чыгымдарын ашыкча каржылык жүксүз жабууну каалагандар үчүн жеткиликтүү курал.
Долбоор Европа Биримдиги, Европа инвестициялык банкы жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлиги (BMZ) тарабынан биргелешип каржыланат. Министрлик каржылоону Германиянын Өнүктүрүү банкы (KfW) аркылуу ишке ашырат.
Натыйжалуу пайыздык чен — 10,7%дан баштап.
MBANK — Кыргызстандын өнүмү!
КРУБ №014 лицензиясы.