"Айрым аймактарда жаан жаайт". 20-мартка карата аба ырайы 

Эртең, 20-мартта түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Ага ылайык, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9 градуска көтөрүлөт.

Ал эми Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +15…+17 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан