2013-жылы экономика тармагында жасалган кылмыштардан улам мамлекет 1 миллиард
40 миллион сомдон ашуун зыян тартты. Бул
тууралуу 19-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, январь-ноябрь айларынын аралыгында 920 экономикалык
кылмыш катталган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматы 567 миллион
795 миң сомду кайра казынага кайтарды. Аталган кылмыш түрү боюнча 201 кылмыш
иши козголуп, тергөө органдарына жөнөтүлгөн.