Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданынын мүлкү аукционго коюлду 


Бишкектин Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын айрым бөлүгү электрондук аукцион аркылуу сатылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев өз буйругу менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия түзгөн. Комиссияга Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча бекитилген программасына ылайык 10 күндүн ичинде аукцион өткөрүү милдети жүктөлдү.

Белгилей кетсек, аукционго катышуунун шарттары жогорудагы комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке жана юридикалык жактар боло алышат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан