Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион 200 миң чабак коё берилди

Орто-Токой суу сактагычына 1 миллион 200 миң чабак коё берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, суу сактагычка сига-лудога балыгынын чабактарын "Тоң балык заводу" мамлекеттик ишканасы коё берген.
Маалыматта бул иштер балыкты сактап калуу жана санын көбөйтүү максатында үч жылдан бери жасалып келе жатат. Үч жыл мурда салынган чабактар азыркы тапта салмак алып, сатууга жарап калды.
Ошондой эле бул боюнча Улуттук илимдер академиясы тарабынан изилдөө жүргүзүлүп, суу сактагычта балыктар жакшы өсө тургандыгы аныкталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан