Муфтий Ирандын элчиси менен жолугушту

Муфтий Абдулазиз Закиров Ирандын Кыргызстандагы элчиси Голям Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан (КМДБ) билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар бири-бирин ыйык Орозо айы менен куттуктап, кыргыз-фарс кызматташтыгын чыңдоо, маданий алакаларды бекемдөө боюнча пикир алышты.

Абдулазиз Закиров атайын убакыт бөлүп, зыярат кылган ирандык делегацияга ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Жолугушууга Иран элчисинин орун басары Мостафа Кебритчи, маданият өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Абузар Тогани, муфтийдин орун басары Асан Сыргабаев, КМДБнын аппарат жетекчиси Азамат Исмаилов, КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев, муфтийдин кеңешчиси Белек Жапаракунов катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан